Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 74
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынан мүрзө жай үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Большевик айылындагы калктын санын эске алып жана айыл башчынын билдирүүсүн талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынан айыл башчы жана жер адиси толук тактап чыккан жайыт аянтынын эсебинен 2 га жер аянты Узун-Коонун кире беришинен мүрзө жай аянты катары бөлүнүп берилсин.
2. Мүрзө жайга бөлүнгөн жер аянттын Госрегистр башкармалыгы жана өзгөчө кырдаалдар уюму менен макулдашып көрсөтүп берүү жагы жер адиси Б.Кыдыргычовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «айыл чарбалыгы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |