Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 76
Белгиленбеген жерге муссор (чыгын) төккөндүгү боюнча жазана жана айылдын аймагынан топурак алуу үчүн төлөм өлчөмдөрү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңешин айылдардын санитардык тазалык абалын сактоо жана башка айыл өкмөтүнөн келип муссор төгүп кетүүгө чек кою, курулуш үчүн топурак алуу эрежелерин кеңири талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Белгиленбеген жерге муссор (чыгынды) төккөндөргө өзүбүздүн атуулдарга 1000 сом, башка атуулдарга 5000 сом жазана салуну өлчөмдөрү бекитилсин
2. Большевик айылынан топурак алган атуулдар үчүн машинанын ар бир каттамы үчүн 50 сомдон төлөө өлчөмү киргизилсин жана түшкөн топурак алган жайдын кароолу Бекулов Алмазга чегерилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айыл башчыга (К.Турдумаматов) жана «мыйзамдуулук адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Бакиров) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |