Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 77
Ак-Жар айыл өкмөтүндө «Арис» программасы менен кызматташуу максатында түзүлгөн конкурстук комиссиясын бекитүү жана көйгөйлүү маселелердин жыйынтыгы жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши «Арис» программасы менен кызматташуу, максатындагы конкурстук комиссия түзүү боюнча айылдарда өткөрүлгөн чогулуштардын жана айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн айылдарында «Арис» программасы менен кызматташып, айылдардын жеке көйгөйлөрү боюнча инвестициялык долбоорлорду жактыруу максатында жана айыл өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн конкурстук комиссиянын төмөндөгү курамы бекитилсин:
1. Култаев К
2. Мадоморов Т
3. Суранов К
4. Акматов У
5. Турдумаматов К
6. Абдыкаримова А
7. Кадырбеков Б
8. Малаев А
9. Турдали у Кубаныч
10. Турдумаматов У
11. Култаев Ж
2. Айыл өкмөтүнүн айылдарында өткөрүлгөн демилгелүү топтун протоколдорунун негизинде төмөндөгү чоң көйгөйлөр такталгандыгы белгиленип жыйынтыгы бекитилсин:
Ак-Жар, Какыр айылдары боюнча- Катыраңкы участкасындагы булактын көзүнө фильтирдик бассейн куруу жана суу түтүгүн улап резервуарга чейин алып келип туташтыруу.
Большевик айылы боюнча-«Интернет» байланышын айылга чейин алып келип ишке киргизүү.
Семиз-Көл айылы боюнча-Н.Кайназаров мектебинин жана от казанынын чатырларын жаап капиталдык ремонттон өткөрүү.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айылдык кеңештин «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Бакиров) тапшырылсын
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |