Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 78
Көчөлөрдүн тазалыгы, арыктардын казылышы көчөттөрдүн эгилиши боюнча
Ак-Жар айылдык Кеңеши «көчөлөрдүн тазалыгы, арыктардын казылышы, көчөттөрдүн эгилиши боюнча» жер адиси Б.Кыдыргычовдун билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү көчөлөрдүн (Какырдын түнкү жарыгы колдоого алуу менен) тазалыгы, арыктардын казылышы, көчөттөрдүн эгилиши боюнча жер адисинин айыл өкмөтү менен бирдикте аткарган жумуштары канааттандырарлык деп табилсын.
2. Айылдардын инфраструктурасын өркүндөтүү менен айылдык кеңештин туруктуу комссиясы айыл башчылар СПА башчылары менен бирдикте мыйзамдуу иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Комиссиянын кылган ишинин жыйынтыгы кийинки сессияда талкуулансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Бакиров) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |