Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 79
Большевик айылынын тургуну Ибраимов Орозали Артеловичке»
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Большевик айылынын 2015-жылдын 26-апрелиндеги жалпы жашоочуларынын чогулушунун жана №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин жамаатынын жалпы чогулушунун протоколдорунун, Большевик айылынын жалпы эле айыл өкмөтүнүн экономикасын көтөрүүдөгү кошкон салымын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну Ибраимов Орозали Артеловичке Большевик айылынын жалпы жашоочуларынын жана С.Эшматов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтомдору бекитилсин. «Ибраимов Орозали Артелович «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Большевик айыл тургуну Ибраимов Орозали Артелович «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кулмурзаевге жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |