Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 80
Большевик айылынын тургуну Төлөнбаев Адышка» Ак-Жар айыл
өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Большевик айылынын 2015-жылдын 25-апрелиндеги жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколдорунун, жана жаштарга татыктуу тарбия, билим берүүдөгү эмгегин баалап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну Төлөнбаев Адышка Большевик айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
2. «Төлөнбаев Адыш Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
3. Большевик айыл тургуну Төлөнбаев Адышка «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кулмурзаевге жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |