Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 81
Ак-Жар айылынын тургуну Хайнышев Семетейге
«Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылынын 2015-жылдын 10-февралындагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколдорунун, жана Ак-Жар айылын устачылык жана техникалык жактан камсыздоодогу кошкон салымын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Хайнышев Семетейге Ак-Жар айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
2. «Хайнышев Семетей Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
3. Ак-Жар айыл тургуну Хайнышев Семетейге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кулмурзаевге жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |