Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 86
М.Кулуев атындагы мектептин эски класс кабинеттери жана кыйроо абалындагы мастерскою жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши «Кушубак» балдар-бакчасынын башчысы А. Жусупова жана жаштардын өкүлү И. Көчкөнбаевдин сунуштарын атап айтканда М.Кулуев мектебинин эски корпусун «Кушубак» балдар-бакчасына берүү жана кыйроо абалындагы мастерскойду тез арада бузуу маселелерин талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Кулуев мектебинин эски класс кабинеттерин «Кушубак» балдар-бакчасына берүү жана эски мастерскойду тез арада бузуу маселесин чечүү үчүн депутаттар жана туруктуу комиссия жеринде көрүшсүн.
2. Түзүлгөн комиссияга коюлган маселелер боюнча жетиштүү тыянак чыгаруу үчүн 15 күн срок берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Турдали у Кубанычка тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |