Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2015-жылдын 24-июлу № 6
Чоң-Алай райондук Кара-Мык аймактык милиция бөлүмчөсүнүн
башчысы, милициянын майору С.Ж.Бакировду Жекенди айылдык
аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө
Чоң-Алай райондук Кара-Мык аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору С.Ж.Бакировдун Жекенди айылдык аймагындагы эл менен тыгыз байланышта иштегендиги жана коомдук тартипти чыңдоодогу алгылыктуу иштерди жүргүзүп келгендиги үчүн С.Ж.Бакировду Жекенди айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына сунуштоо максатында
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң –Алай райондук Кара-Мык аймактык милициянын бөлүмчөсүнүн башчысы С.Ж.Бакировду Жекенди айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү боюнча Жекенди айылдык аймагынын башчысынын сунушу эске алынсын.
2. 1.Чоң –Алай райондук Кара-Мык аймактык милициянын бөлүмчөсүнүн башчысы С.Ж.Бакировго «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук-тартибин чыңдоо кеңештин иштери, депутаттык этика жана коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков |