Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2015-жылдын 8-сентябры № 2
Жекенди айылдык аймагынын бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Жекенди айылдык аймагына ОсОО “Аньбанк” нефт – газ компаниясы тарабынан лицензияны кармоо үчүн чегерилген 1189500,00 сом акча каражатын 2015-жылдын III кварталына кошумча план кошуу жагы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен суралсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын киреше жагынын кошумча акча каражаттары төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
Аппарат үчүн 575000,00 сом
- Ар түрдүү чыгымдар үчүн 75000,00 сом
- Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу дарыясына көпүрөө куруу үчүн 150000,00сом
- Чулук айылына көпүрөө салуу үчүн 100000,00 сом
- Жекенди айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн 250000,00 сом
Мектептер үчүн – 405000,00 сом
-Ак-Суу орто мектебине музыкалык аппарат алуу үчүн 100000,00 сом
- Ак-Суу орто мектебине көмүр каана салуу үчүн 50000,00 сом
- С.Осмонов атындагы орто мектебине фундамент куйуу үчүн 80000,00 сом
- Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектебин чатырын жанылоо-150000,00 сом
- Чон-Алай токойчулугуна мектептердин отун каражаты үчүн 25000,00 сом
Бала бакчалар үчүн 109500,00 сом
- Чулук айылындагы жаныдан түшкөн бала бакчасына жылуулук системасын куруу үчүн 109500,00 сом
Маданият үйүнө 100000,00сом
- Маданият уйунун алдын тосмо менен тосуу 100000,00 сом
Жалпы 1189500,00 сом
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Б.Нишанбаевге жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков |