Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2015-жылдын 19-февралы № 7
Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу СООППВ Интизордын директорун
жана сантехнигинин эмгек акыларын белгилеп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнө караштуу Маманазаров айылынын айыл башчысы М.Усмановдун билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу СООППВ Интизордын ичимдик суусунан пайдалануучу ар бир жаранга айына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө ичимдик суусуна акча төлөө каралсын.
2. СООППВ Интизор директоруна 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө, сантехнигина 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айына эмгек акысы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Маманазаров айылынын айыл башчысы М.Усмановго жүктөтүлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |