Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2015-жылдын 19-февралы № 10
Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кочубаев жана Толкун көчөлөрүнө жол тосмолорун орнотуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Д.Давидов жогорудагы көчөлөргө жол тоосмолорун (лежащий полиция) коюу жөнүндө толук маалымат берип, айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кочубаев көчөсүнүн 30-31 км.на жана Кочубаев айылынын Толкун көчөсүнүн 2-2,5 км.на жол тосмолору коюлсун.
2. Жол тосмолорун коюу үчүн Араван райондук МАИ бөлүмүнөн уруксат берүү жагы суралсын.
3. Жол тосмолорун орнотуу Араван райондук ДЭП-44 бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу өзүмө калтырамын.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |