Редакцияот 20.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2015-жылдын 20-майы № 4

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер участокторунун ижара өлчөмүн жана ижара мөөнөтүн белгилөө жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Д.Давидовдун билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүндөгү «Мирза-Улугбек» атындагы орто мектебинин территориясындагы 0,09 га жер участогунун ижара акысынын өлчөмү 900 (тогуз жуз) сомдон белгиленип, 5-жылдык мөөнөт менен ижара негизинде пайдаланууга берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде кыймылсыз мүлк обөекттерин, жер участкаларын сатуу жана ижарага берүү боюнча бекитилген комиссиянын курамына жүктөтлсүн.

 

Чек-Абад айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Нурматов