Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 1
Айылдык кенештин сессиясында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Бүргөндү айылдык Кеңешинин 2014-жыл ичинде кабыл алган токтомдорунун аткарылышы жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XIX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Асанбаевтин маалыматы эске алынсын.
2. Айылдык кеңеште кабыл алынган токтомдорду мындан аары коюлган мөөнөттөн кечиктирбей аткаруу, аткарууда тийтштүү иш аракеттерди көрүү , көзөмөлдөө жана уюштуруу жагы туруктуу комиссиянын төрагаларына жана айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Асанбаевке милдеттендирилсин. милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы | К. Осконбаев |