Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-апрели №20/1
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн аймагында айдоо аянтына, көчүү конууда мал башына салына турган айыпты, жайыт жериндеги мыйзамсыз тосмо зымдарды алдырууну бекитүү жөнүндө
Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ак-Муз айыл өкмөтүнүн аймагында айдоо аянтына түшкөн, кеч көчкөн айыл тургундарына мал башына салына турган айыпты.жайыт жериндеги мыйзамсыз тосмо зымдарды алдырууну бекитүү боюнча Ак-Муз айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдоо аянтына түшкөн малга, бодо малга 100 сом, кой-эчкиге 20сом айып салынары белгиленсин, жайыт жерлерин мыйзамсыз тоскон жерлердин тосмолору алынсын токтомго баш ийбеген айыл тургундарын сот.прократура ички иштер органдарына берилери эскертилет.
2. Сарайда калган айыл тургундарына ат-2 баш уй- 2-баш кой-эчки-20 баштан алып калары, ашык алып калган мал башына жогорудагы айып салынаары эскертилсин.
3. Алыскы жана жакынкы жайлоого көчүү 15-майдан 20-июнга чейинки убакыт белгиленсин, кечиксе айыл тургундарына жогорудагы айып мал башына салынары эскертилсин.
4. Жайлоодон көчүп келүү 20-сентябрь күнү белгиленсин, эгерде эрте көчүп келсе жогорудагы айып салынаары эскартилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ыбырай уулу Кенжебекке милдеттендирилсин.
Ак-Муз айылдык кеңешинин төрөгасы |
Э.Субагожоев |