Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 10
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү “Баба дыйкан чарба” мүчөлөрүнүн арызын чечүү жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин жана Жеңиш айылынын тургуну Ж.Камиловтордун кайрылуулары эске алынсын.
2. Биринчи тиркемеге ылайык комиссия курамы бекитилсин.
3. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жеңиш аймагынын тургуну Ж.Камиловтун арызындагы көрсөтмөлөрдү жеринде барып көрүп тиешелүү чечим чыгарып берүү жагы атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |