Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 11
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн айылындагы Ички жөө адамдар жана мал жандыктары Өтүүчү жолдорду ирээтке келтирүү жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин 2015-жылдын 01-апрелиндеги кириш № 49 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Биринчи тиркемеге ылайык комиссия курамы бекитилсин.
3. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы ички жолдорду ирээтке келтирүү жөнүндөгү Э.Маматаевтин кайрылуусунун негизинде жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жеринде чечип мыйзамдуу жагын карап берүү жагы атайын түзүлгөн комиссия мүчөөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Айыл Өкмөттүн аймагындагы ички жолдорду ирээтке келтирүүдө жерлердин жана жолдордун мыйзамдуу жагын аныктоо максатында Ноокен райондук архитектуура жана шаар куруу башкармалыгынын адистери менен биргеликте иш алып барылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |