Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 12
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы №18-М.Молдалиев атындагы
мектепке видео камера орнотуу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы № 18- М.Молдалие атындагы мектептин директору К.Шерматованын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 18-М.Молдалиев атындагы мектептин директору К.Шерматовнын 2015-жылдын 16-февралындагы кириш № 22 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. № 18-М.Молдалиев атындагы мектепке видио камера орнотуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50,000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |