Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 13
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү А.Казаков атындагы №19 мектептин 2015-жылга ремонт иштери жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү №19 А.Казаков атындагы мектептин директору К.Хусановтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 19-А.Казаков атындагы мектептин директору К.Хусановтун 2015-жылдын 02-март № 32 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. № 19-А.Казаков атындагы мектебине козерог куруу үчүн 12,000(он эки миң )сом, жылытуу системасынын ремонтуна 32,500 (отуз эки миң беш жүз)сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 44,500(кырк төрт миң беш жүз) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |