Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 14
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылындагы
№24-О.Каипов атындагы Орто мектепке мебель алуу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылындагы №24-О.Каипов атындагы орто мектептин директору Б.Саттаровтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №24-О.Каипов атындагы мектептин директору Б. Саттаровтун 2015-жылдын 04-мартындагы кириш № 37 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. №24-О.Каипов с атындагы мектепке Мэрсико уюму менен биргеликте мебель алып берүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40,200 (кырк миң эки жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |