Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 15
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №20-Матмуса орто мектебине мебель алуу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №20-Матмуса атындагы орто мектебинин директору А.Толубаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №20-Матмуса орто мектебинин директору А.Толубаевтин 2015-жылдын 04-мартындагы кириш № 36 сандуу кайрылуусу кайрылуусу эске алынсын.
2. №20-Матмуса орто мектепке Мэрсико уюму менен биргеликте мебель алып берүү максатында жергиликтүү бюджетин эсебинен 28,0 (жыйырма сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |