Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 16
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылындагы Ош-Бишкек унаа жолунун
жээгиндеги соода түйүндөрүн ирээтке келтирүү жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Кубатовтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Кубатовтун 2015-жылдын 07-апрелиндеги кириш № 57 “а” сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылындагы Бишкек-Ош унаа жолунун жээгиндеги соода түйүндөрүн ирээтке келтирүү жөнүндөгү Ноокен райондук укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмесинин 18.03.2015-жылдагы №2 чечиминин негизинде айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда комиссия курамы бекитилсин.
3. Комиссия жолдун боюн ирээтке келтирүү үчүн мыйзам чегинде иш алып барып райондун координациялык кеңешмеси белгилеген мөөнөткө бүтүрүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |