Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 17
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылындагы №24-О.Каипов мектебин селден тосмолоо жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылынын №24-О.Каипов мектебинин директору Б.Саттаровтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылындагы №24-О.Каипов мектебинин директору Б.Саттаровтун 2015-жылдын 18-февралындагы кириш № 29 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. №24-О.Каипов мектебин колоттон түшүүчү селден тосмолоо максатында “Балдарды коргоо уюмунун” доолбоорунун негизинде айыл Өкмөтүнөн кошкон салымы катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 58,000 (элүү сегиз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |