Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 18
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылындагы №46-Э.Толомурзаев атындагы
мектептин жылытуу системасын куруу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылындагы №46-Э.Толомурзаев атындагы мектептин директору М.Кадыркуловтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 46-Э.Толомурзаев атындагы мектептин директору М.Кадыркуловтун 2015-жылдын 13-февралындагы кириш № 20 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. № 46-Э.Толомурзаев атындагы мектептин жылытуу системасын курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 81.900 (сексен бир миң тогуз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |