Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 19
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылына ФАП куруу жөнүндө
Кызыл-Кыя айылына ФАП куруу жөнүндөгү айылдык Кеңештин депутаты Б.Саттаровтун маалыматтын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык Кеңешинин депутаты Б.Саттаровтун 2015-жылдын 27-январындагы кириш № 07 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя айылына ФАП куруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250,000(Эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |