Редакцияот 07.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

2015-жылдын 7-апрели № 20

Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кызыл- Кыя айылындагы №24- О.Каипов орто мектебинин

жылытуу системасынын маторун алмаштыруу жөнүндө

 

Кызыл-Кыя айылындагы №24-О.Каипов атындагы орто мектептин жылытуу системасынын маторун алмаштыруу жөнүндөгү мектеп директору Б.Саттаровтун маалыматтын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя айылындагы №24-О.Каипов атындагы орто мектептин директору Б.Саттаровтун 2015-жылдын 10-февралындагы кириш № 11 сандуу кайрылуусу эске алынсын.

2. Кызыл-Кыя айылындагы №24-О.Каипов атындагы орто мектептин жылытуу системасынын күйүп кеткен маторун алмаштыруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8000(сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Осконбаев