БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 21
Табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча 2015-жылга карата
кечиктирилгис чаралары көрүү жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагында табият кырсыктарынын алдын алуу максатында айыл Өкмөттүн оорун басары Б.Кубатовтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР 2009-жылдын 20-июнундагы №239 “Жарандык коргоо жөнүндөгү” мыйзамынын 2-бөлүгүндөгү 10-беренеси жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 15-январындагы № 01-13/5-б сандуу буйруктары эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана алардын алдын алуу, болтурбоого кечиктирилгис чараларды көрүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1062,100 (бир милен алтымыш эки миң бир жүз)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |