Редакцияот 07.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

2015-жылдын 7-апрели № 22

Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Маданият үйүнүн абалын жакшыртуу жөнүндө

Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Маданият үйүнүн жетекчиси К.Кенжекуловтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Маданият үйүнүн жетекчиси К.Кенжекуловтун 2015-жылдын 07-апрелиндеги №51 сандуу кайрылуусу эске алынсын.

2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Маданият үйүнүн абалын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 133,100(бир жүз отуз үч миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Осконбаев