Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 24
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Ууру-Жар айылындагы күйүп кеткен №47-А.Ташиев мектебине кошумча мектеп куруу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Ууру-Жар айылындагы №47-А.Ташиев мектебинин директору Р.Ырыскулованын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №47- А.Ташиев атындагы мектептин директору Р.Ырыскулованын 2015-жылдын 02-мартындагы кириш № 35 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. №47- А.Ташиев атындагы күйүп кеткен мектепке кошумча мектеп куруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 350,000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |