Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 27
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Кызыл-Кыя жана Бүргөндү таза суу бирикмеси таза суу берүүчү шаймандын маторун ремонттоо жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Кызыл-Кыя таза суунун башчысы К.Алиевтин жана М.Абдиевтин кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя таза суунун башчысы К.Алиевтин жана М.Абдиевтин 2015-жылдын 07-апрелиндеги № 56 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя таза суунун маторун ремонтоого 20,000 (жыйырма миң) сом жана Бүргөндү таза суунун маторун ремонтоого 30,000(отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 50,000 (Элүү миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |