Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 29
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү “№32- Жеңиш” орто мектебине спорттук жабдуу алып берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты С.Разакуловтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Разакуловтун кайрылуусу эске алынсын.
2. “№32- Жеңиш” орто мектебине сорттук жабдуу алып берүү максатында жергиликтүү бюджетин эсебинен 100,0 (бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |