Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 31
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Масиров Жакыптын майып балдарынын
ден-соолугун чыңдоо жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Ж.Масировтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Ж.Масировтун 2015-жылдын 13-мартындагы кириш № 43 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Масиров Жакыпбектин майып балдарынын абалы жылына эки жолку операцияны талап кылгандыктан, Ж.Масировтун кайрылуусунун негизинде балдарынын ден-соолугун чыңдоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30,000(отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |