Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 34
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №7 УДБнун убактылуу “Ак-Бата” автобикетине ижара төлөп иштетүү жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №7 УДБнун убактылуу “Ак-Бата” автобекетине ижара төлөп иштетүү жөнүндө жеке ишкер Т.Асанбаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №7 УДБнун убактылуу “Ак-Бата” автобекетине ижара төлөп иштетүү жөнүндө жеке ишкер Т.Асанбаевтин кайрылуусу эске алынсын.
2. “Ак-Бата” автобекетинде убактылуу жайгашкан Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №7 УДБнун ижара акысы үчүн бир жылына 100,0 өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми №7 УДБнун ижара акысы 2015-жыл ичинде пайдаланылган айлар үчүн гана төлөнүп берилсин.
3. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы, жеке ишкер Т.Асанбаев менен “Ак-Бата” автобекетин убактылуу ижарага берүү жөнүндө келишим түзүү жагы Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
4. Акча каражатын №7 УДБнун пайдаланган айларына гана эсептеп бөлүп берүү жагы айыл Өкмөттүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |