Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 35
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Чарбак айылынын тургуну Т.Янгибаев жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Чарбак айылынын тургуну Янгибаев Талибжондын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Чарбак айылынын тургуну Янгибаев Талибжондын 2015-жылдын 06-апрелиндеги кириш № 50 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Чарбак айылынын тургуну 1-топтогу майып Янгибаев Талибжондын ден-соолугун чыңдоого көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10,000(он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |