Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 36
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Н.Кадыркулова жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Кадыркулова Нурзаданын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Кадыркулова Нурзаданын 2015-жылдын 07-апрелиндеги кириш № 52 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Кадыркулова Нурзада жубайы экөө тең оорукчан болгондуктан ден-соолугун чыңдоого көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20,000(жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |