Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 38
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жеңиш айылына жаңы ачылып жаткан
30 орундуу бала бакчага эмерек сатып алуу жөнүндө
Бүргөндү айылдык Кеңешинин депутаты С.Разакуловтун Жеңиш айылына бала бакча ачуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык Кеңешинин депутаты С.Разакуловтун 2015-жылдын 18-февралындагы кириш № 27 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жеңиш айылына жаңы ачылып жаткан 30 орундуу бала бакчага эмерек сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 310,000 (үч жүз он миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |