Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 39
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү “№32- Жеңиш” орто мектебинин жылытуу системасына жана бир топ ремонт иштерди жүргүзүү жөнүндө
Жеңиш айылындагы “№32- Жеңиш” орто мектебинин директору С. Мырзакуловтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “№32-Жеңиш” орто мектебинин директору С. Мырзакуловтун 2015-жылдын 12-февралындагы кириш № 17 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. “№32- Жеңиш” орто мектебинин жылытуу системсына жана бир топ ремонт иштерин жүргүзүүгө Жергиликтүү бюджетин эсебинен 71,800(жетимиш бир миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |