Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 40
Бүргөндү айыл Өкмөтүндө КБФнын жерлеринин ижара акыларынан айрым жарандардан төлөнүүчү ижара акыларды кечип берүү жөнүндө
Айыл Өкмөттүн орун басары Б.Кубатовтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөттүн орун басары Б.Кубатовтун 2015-жылдын 10-февралындагы кириш № 13 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүндө КБФнун жерлеринен жалпы жер аянты 4,01га, ал эми жалпы суммасы 15651(он беш миң алты жүз элүү бир) сомду түзгөн ижара акысы тиркемеге ылайык аты-жөнү көрсөтүлгөн жарандардан кечилип берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |