Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 41
Бүргөндү айыл Өкмөтүнө “Яма Беккар” куруу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Вет инспектору Ж.Осмоновтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Вет инспектору Ж.Осмоновтун 2015-жылдын 12-февралындагы кириш № 18 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында жугуштуу ооруга чалдыккан мал-жандыктарын көмүп жок кылуу үчүн “Яма беккер” чуңкурун орнотууга жергиликтүү бюджетин эсебинен 200,000(эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |