Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 42
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кокондук айылына жаңы ачылып жаткан 30 орундуу бала бакчасына эмерек сатып алуу жөнүндө
Бүргөндү айылдык Кеңешинин депутаты мектептин директору М.Тойчубаевтин бала бакча ачуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык Кеңешинин депутаты мектептин директору М.тойчубаевтин 2015-жылдын 04-мартындагы кириш № 38 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кокондук айылына жаңы ачылып жаткан 30 орундуу бала бакчага эмерек сатып алуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 280,000 (эки жүз сексен миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |