Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 44
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кокондук айылындагы №39-Н.Зайнидинов атындагы мектепке жылытуу системасына кател куруу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Кокондук айылындагы № 39-Н.Зайнидинов атындагы мектептин директорунун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 39-Н.Зайнидинов атындагы мектептин директору М.Тойчубаевтин 2015-жылдын 13-февралындагы кириш № 21 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. № 39-Н.Зайнидинов атындагы мектептин жылытуу системасына кател курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 182,400 (бир жүз сексен эки миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |