Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 47
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Кызыл-Кыя
айылынын тургуну Р.Сейталиев жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Кызыл-Кыя айылынын тургуну Р.Сейталиевтин кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Р.Сейталиевтин 2015-жылдын 07-апрелиндеги № 55 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя таза суунун насосу орнотулган жер аянты Р.Сейталиевтин үлүш жерине туура келип калгандыктан алынып коюлган жана ал жердин оордуна башка жерден үлүш жер ажыратылып берилгендигине байланыштуу ушул күнгө чейин бүтпөй келген документтерин мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Асанбаевке милдеттендирилсин. милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |