Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2015-жылдын 30-апрели № 3
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү демилгелүү топтун төрагасы А.Халиевтин кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү демилгелүү топтун төрагасы А.Халиевтин кайрылуусун угуп, Арал айыл аймагына өтүп кеткен Бүргондү айыл аймагына таандык “Кең-Сай” участогундагы айыл чарбасына жарактуу жер аянттары боюнча документтерди карап жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XXI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагына өтүп кеткен жерди кайтарып алуу боюнча демилгелүү топтун төрагасы А.Халиевтин 2015-жылдын 30-апрелдеги кириш № 61 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. 1980-жылдагы Ленин райондук аткаруу комитетинин Арал айылында “Малдарды күчөткөн негизде багуу атайын мамлекеттик чарбага” ошол мезгилдеги Карл Маркс атындагы колхозунун “Кең-Сай” участогундагы 130га айыл чарбасына жарактуу жер аянтын колхоздун элинин жалпы чогулушунун жана Бүргөндү айылдык Кеңешинин сессиясынын макулдук берүү жөнүндө чечимдерисиз өткөрүп берүү жөнүндөгү токтому мыйзамдарга туура келбестиги белгиленсин.
3. Демилгелүү топтун кайрылуусун Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Осмоновко билдирүү менен бул маселени жогорку органдарга кайрылып оң жагына чечип берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. осмоновтон суралсын.
4. Демилгелүү топтун кайрылуусун райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте оң жагына чечүү Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |