Редакцияот 24.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 24-октябры № 4

Жерге-Тал айыл аймагына ички-сырткы инвестициялардан тартылып келип өткөрүлгөн долбоорлорду инвентаризациялоо  боюнча  комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагына 2013-2014-жылдар ичинде тартылып келген ички жана сырткы инвестициялар боюнча акча каражаты, материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.

2. Комиссиянын курамына Жерге-Тал айыл аймагына  тартылып келген теңдештирилүүчү грант, сырткы инвестициялар жана долбоорлор боюнча жетекчилеринин отчетторун 1-декабрь 2014-жылга карата кабыл алып, инвентаризациядан өткөрүү жагы тапшырылсын жана жыйынтыгын 15-декабрь 2014-жылга карата Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.

 

Жерге-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Исаков