Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 13/1
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2014-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча 2014-жылдын
18-апрелиндеги №50 буйругуна өзгөртүү толуктоолору менен бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча 2014-жылдын 18-апрелиндеги №50 буйругу өзгөртүү толуктоолору менен жумшалган акча каражатын бекитүү жөнүндө маселесин айыл өкмөтүнүн финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелеринин катышуусу менен такталып, түзүлгөн бюджет алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде аткарылгандыгын эске алып Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджеттин болжолдуу долбоору 2014-жылдын 18-апрелиндеги №50 буйругу өзгөртүү толуктоолору менен өз максатында жумшалгандыгы белгиленсин.
2. 2014-жылга Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмү 16932,2 миң сом суммасында белгиленсин.
3. 2014-жылга Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын кирешелер жана чыгашалары 460,0миң сомго белгиленсин.
4. 2014-жылга кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге 1-кезекте колго алынган статьяларга (эмгек акы, соц. фонд) каржылангандыгы белгиленсин.
5. Айыл өкмөткө 2014-жылдын бюджетине бериллүүчү толуктоо грант 6691,3 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. 2014-жылга бюджеттин долбоору башкаруу аппараттын каржылоосу 4655,7 миң сом, айыл чарбасына 328,0 миң сом, турак жайга 8841,1 миң сом, библиотекага 140,2 миң сом, маданиятка 650,0 миң сом, бала-бакчага 265,2 миң сом, билим берүүгө 1552,0 миң сом, соц. жардамга 500,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. КРнын 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде Төлөйкөн айыл өкмөтүнө башкаруу аппаратынын жалпы штат бирдиги 30, анын ичинен айыл башчы 4, жан тейлөөчү кызматкерлер 4 бекитилсин.
8. 2013-жылдан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн эсебинде калган 2694,1 миң сом акча каражаты турак жай бөлүмүнө жумшалгандыгы белгиленсин.
9. 2014-жылга Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолдуу долбоорунун кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнүн аткарылышы жактырылсын.
Төлөйкөн айылдык Кеӊешинин төрагасы | И.Ажиматов |