Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 13/2
Төлөйкөн айылдык кеңешинин бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылындагы Кара-Кысмак участкасына сел өткөрүү боюнча узундугу 650метр, тереңдиги 1,5метр, туурасы 2 метр болгон лоток куруу үчүн проектин сметасын даярдатуу кызматына акча каражатын бөлүп берүү максатында депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылындагы Кара-Кысмак участкасына сел өткөрүү боюнча узундугу 650метр, тереңдиги 1,5метр, туурасы 2 метр болгон лоток куруу үчүн проектин сметасын даярдатуу кызматына 381,4миң сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражты 70629-турак жай бөлүмүнүн 3111 имараттар жана курулуштар экономикалык беренесинен алынып, 2215 башка кызмат көрсөтүү экономикалык беренесине которулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Бердиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин социалдык –экономикалык өнүгүү, коммуналдык менчик, бюджет жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ажиматов |