Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 13/3-1
Төлөйкөн айыл аймагынын Төлөйкөн 1 айылын эл оозунда «Бодур-Таш» айылы деп аталып
жүргөндүгүнө байланыштуу «Бодур-Таш» айылы деп статус берүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагынын Төлөйкөн 1 айылын эл оозунда «Бодур-Таш» айылы деп аталып жүргөндүгүнө байланыштуу аны Төлөйкөн 1 айылынан «Бодур-Таш» айылы деп өзгөртүү максатында Төлөйкөн 1 айылынын элдик жыйынынын 11.11.2014-жылдагы №1 протоколун талкуулап, Төлөйкөн айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн 1 айылынын 11.11.2014-жылдагы жалпы элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Төлөйкөн айыл аймагынын Төлөйкөн 1 айылы «Бодур-Таш» айылы деп аталсын.
3. Чек арасы ылдый жагынан Акматов Сатардын үйүнөн баштап, жогорку жагы Донченко Тамара Василевнанын дачасы кошо кирсин деп белгиленсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана иш кагаздарды даярдап берүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Мазаевге жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ажиматов |