Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 13/3-2
Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак айылына статус берүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагы Жапалак айылынын тургундарынын 29.09.2014-жылдагы элдик жыйынынын №1 протоколун талкуулап, Төлөйкөн айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак айылынын 29.09.2014-жылдагы жалпы элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак айылына айыл статусу берилсин.
3. Чек арасы К.Карабашов көчөсүнөн Жапалак көчөсү кошо кирсин деп белгиленсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана иш кагаздарды даярдап берүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Мазаевге жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ажиматов |