Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 13/5
Төлөйкөн айыл аймагында убактылуу акы төлөнүүчү коомдук ишке алуу жөнүндө
КРнын айыл КРнын айыл чарба жана мелорация министрлигинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы №298 жана «КРнын Улуттук статистика комитетинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы №93 буйруктарын аткаруу максатында» Төлөйкөн айыл аймагындагы бардык категориялардагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын иш жүзүндө санын аныктоо максатында Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагында жумушсуз 15 атуулду убактылуу бардык категориялардагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын иш жүзүндө санын аныктоо үчүн жумушка тартылсын.
2. Алардын аткарган жумушу үчүн ар бир атуулга 2000 (эки миң) сомдон эмгек акысы төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кокуловго милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ажиматов |