Редакцияот 18.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2014-жылдын 18-февралы № 6

 «Ак-Суу» калкты таза суу менен камсыз кылуу мамлекеттик ишканасын «Кызыр-Абад» таза суу ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин өзгөртүү жөнүндө

Чек-Абад айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ак-Суу» калкты таза суу менен камсыз кылуу мамлекеттик ишканасы «Кызыр-Абад» таза суу ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) болуп өзгөртүлсүн.

2. «Ак-Суу» калкты таза суу менен камсыз кылуу мамлекеттик ишканасынын бардык иш-кагаздары, дебитордук, кредитордук карыздары толугу менен «Кызыр-Абад» таза суу ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине (ИСКАКБ) өткөрүп берүү боюнча комиссия түзүлсүн.

3. Тийиштүү документтерди даяроо, каттоодон өткөрүү, юридикалык жактан мыйзамдаштыруу ишкананын жетекчиси А.Жусмаматовго милдеттендирилсин.

 

Чек-Абад айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.Сатыбалдиев